Жалал-Абад: «Аз-Захра» медресеси «Абдулла» ислам институту болуп өзгөрдү

Жалал-Абад шаарындагы «Аз-Захра» медресеси институт макамын алып, ДИМКнын эсептик каттоосунан өтүп, КМДБ тарабынан программалары бекитилип, мындан ары «Абдулла» ислам институту диний окуу жайы катары ишмердүүлүгүн жүргүзө баштады.

Институтта калктын, жаштардын, каалоочулардын диний сабатын жогорулатуу максатында шарият жана Куран факультеттери ачылып, ханафий мазхабы, матуриди акыйдасынын негизинде окуу процесстери жүргүзүлүп, бүтүрүүчүлөр жогорку дипломго ээ болушмакчы.

Институт катары алдыга койгон иш мерчемдердин негизинде ар кандай жолугушуулар, окуу курстары, окутуучулардын, имамдардын квалификациясын жогорулатуучу семинар-тренингдер, олимпиадалар ж.б.у.с. уюштурулмакчы жана шарттар түзүлмөкчү.

Учурда “Абдулла” ислам институтунда 10 тажрыйбалуу устаз эмгектенет. Алардын катарында Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Эмил Андартегин да сабак берип келүүдө. Азыркы тапта аталган билим ордосунда 89 студент билим алууда.