Таласта Мамлекеттик мыйзам жана салттуу ислам боюнча сабаттуулукту жогорулатуу курсу жыйынтыкталды

Бүгүн, 31-октябрь күнү Талас шаарында КМДБ, КР ДИМК жана «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан «Мамлекеттик мыйзам жана салттуу ислам боюнча сабаттуулукту жогорулатуу» аталышындагы окуу курсу жыйынтыкталды. Бул окуу курсуна Талас облусуна караштуу райондун баш имам-хатибдери жана жалпы 16 айыл аймактарынын жооптуу имамдары катышты.

Окуу курсунда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүү мыйзамдары, диний сабактардан лекциялар өтүлдү. Сабактарды жогорку билимдүү адистер, Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана акыйда илиминен Белек Турдалиевдер өтүштү.

«Азыркы заман талабына ылайык имам-молдокелерибиз ар тараптуу болушу керек. Биз коомго жараша өсүп-өнүгүүбүз зарыл. Алган илимиңиздер пайдалуу жана жугумдуу болсун. Эми райондун баш имам-хатибдерине жакындан жардам көрсөтүңүздөр! «Күч бирдикте» дегендей, биргеликте иш алып барсак, ишибиз оңунан чыгат», – деп билдирди облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев.

Эки кундүк окуу курсунун жыйынтыктоо бөлүгүнө облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Талас облусундагы өкүлү Темирлан Нурадилов жана райондун баш имам-хатибдери катышып, имамдарга сертификаттарды тапшырды.