Рысбек Кокумов Талас облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары болуп дайындалды

Талас облусунун мусулмандарынын казысынын мурдагы орун басары Өмүрзак ажы Абдысамат уулу белгилүү себептерден улам жумуштан кеткендигине байланыштуу, казыяттын мечит-медреселер адиси Рысбек Кокумов Талас облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев кол койду.

Кокумов Рысбек тууралуу:

Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунда 1980-жылы 31-январда жарык дүйнөгө келген.

Диний билими:

2007-2011-жж Таластагы «Али ибн Аби Толиб» медресесин бүткөн;

2014-2017-жж Кыргызстан Ислам университетин аяктаган.

Светтик билими: 

2019-ж. ЖЧК «Эркин ОПК» окутуу борборун аяктаган;

Учурда Талас мамлекеттик университетинин 3-курс студенти.

Иш тажрыйбасы:

2010-2019-ж.ж. Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында имам-хатиб болуп иштеген;

2021-2023-ж.ж. Талас шаарынын баш имам-хатиби;

2023-2024-ж.ж. Талас казыятында мечит-медреселер адиси болуп эмгектенип келген.

Үй-бүлөлүү, 3 кыздын атасы.