Акжол ажы Бакиров: «Мектептерде лекцияларды уюштурууга айыл өкмөттүн жооптуу имамдары милдеттендирилет»

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров райондогу айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдарына жыйын өткөрүп, бир канча тапшырмаларды берди.

— Мечиттердин кышка даярдыгы боюнча кыдырууларды өткөрүү;

— КМДБ, «Ыйман» фонду жана ДИМК тарабынан жооптуу имамдарга өткөрүлүүчү окутуу курсуна активдүү катышуу;

— Мектептерде лекцияларды уюштурууда жоопкерчиликтүү болуу;

— Хатибияттын ишмердүүлүгүн жакшыртууда тиешелүү жоопкерчиликтерде көмөктөшүү.

«Айыл өкмөттүн жооптуу имамдары хатибияттын ишмердүүлүгүн жакшыртууда тиешелүү жоопкерчиликтерде көмөктөшүүсү керек. Алсак, жакынкы күндөрдө мектептерде лекцияларды уюштурууга айыл өкмөттүн жооптуу имамдары милдеттендирилет. Ар бири өз аймагындагы мектептерде тиешелүү макулдашылган темалардын алкагында лекцияларды жасашат», – деди баш имам-хатиб Акжол ажы Бакиров.