Ош облусу: Жооптуу имамдар мамлекеттик мыйзам боюнча сабаттуулукту жогорулатуу окуу курсунан өтүүдө

Ош облустук казыятынын жыйындар залында  КМДБ, КР ДИМК жана «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду менен биргеликте облус аймагындагы айыл өкмөттүн жооптуу имамдарына «Мамлекеттик мыйзам жана салттуу ислам боюнча сабаттуулукту жогорулатуу» курсу башталып, ага 58 имам-хатиб катышууда.

Облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев окуу курсу үчүн атайын адистер чакырылып, процесс бекитилген программанын алкагында жүрүп жаткандыгын билдирди.

«Бизге берилген программанын алкагында тиешелүү адистер чакырылды. Алсак ДИМК ТАБдын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы, КР президентинин тиешелүү Жарлыктары, туура эмес диний агымдар тууралуу өтсө, теология илимдеринин доктору, доцент Ниязалы ажы Арипов Куран илимдери боюнча өтүүдө. Ошондой эле айрым багыттарда казыят кызматкерлери да сабак өтүп бере турган болду. Буйруса бул окуу курсу имам-хатиб дамлаларыбызга пайдалуу болот деп ишенебиз», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Курста акыйда сабагы боюнча облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев өзү өтүп жатат.