Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети “КИТЕП – БИЛИМ, КИТЕП – ТАРЫХ, КИТЕП – НУР” аттуу республикалык китеп окуу конкурсун жарыялайт. Конкурс төрт китеп боюнча үч багытта өткөрүлөт.
- “Сынган кылыч” жана “Адам адеби
- “Бакыттын үрөнү” жана “Адам адеби”
- “Сахабалар салган чыйыр жол” жана “Адам адеби”
Конкурска катышуу үчүн үч багыттын бирин тандап, катталасыз. Катталуу 2025-жылдын 31-мартына чейин уланат. 2025-жылдын 12-апрелинде жалпы Республика боюнча офлайн түрүндө сынак болот.
Ар бир багыт боюнча баш байгеге бирден КИА К5 авто унаасы коюлган! Мындан сырткары ар бир багыт боюнча 2-орундан 13-орунга чейин он үч жеңүүчүгө умра сапарына жолдомо, жана башка көптөгөн кызыктыруучу белектер бар!
Ал эми онлайн катышуучулар үчүн өзүнчө сынак жүрүп, ар бир багыт боюнча баш байгеге бирден гана Умра сапарына жолдомо берилет жана 2-10-орундарга кызыктыруучу белектер бар.
Бир келген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз! Азыр катталып, азыр окуңуз! Жеңиш сиздики болот!
Сурап билүү үчүн: 0777 714 700
Катталуу үчүн: 0700 714 700, 0553 714 700
“Китеп окуп билбегениң билип ал,
Байге утуп, К5 ти минип ал…”