Абибилла ажы Кадырбердиев чек арачы жоокерлер менен жолугушту

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев Чоң-Алай районуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында Жекенди айыл өкмөтүндөгү Кара-Мык айылында жайгашкан Тилек Баатыр атындагы Кара-Мык чек ара бекетиндеги жоокерлер менен жолугушуп, Мекенди сүйүү жана Ислам дининин баалуулуктары тууралуу баяндама жасады.

«Күн-түн дебей, ыссык-суукка карабай, эл-журттун коопсуздугун сактоо максатында кызмат кылып жатасыздар. Кызматыңыздардан Аллахым ыраазы болсун. Сиздердин кызмат сооптуу амал экендиги талашсыз. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) хадисинде тозок отун көрбөйт деп айтылган эки көздүн бири – бул күзөттө турган чек арачынын көзү болуп саналат. Мекендин тынчтыгы ибадаттарды, жакшылык иштерди аткарууга мүмкүндүк түзөт. Сиздер чек арада тынчтыкты сактап тургандыктан, биз кенен-кесир ибадатыбызды аткарып жатабыз. Динибиз да Мекенди сүйүүгө үгүттөйт», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Жолугушуунун алкагында облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев үй-бүлө баалуулуктары тууралуу да айтып, соңунда жоокерлердин кызыккан диний суроолоруна жооп берди.