Бүгүн, 12-ноябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумаев Эрмат Джумаевич менен жолугушту. Тараптар жолугушууда КР Президентинин тиешелүү Жарлыктарын аткаруу алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер, улуттук нарк жана диний дөөлөттөрдү сактоо, облус аймагындагы диний абал боюнча талкуу кылышты.
«Урматтуу Азирети Муфтий. Бабабыз Айкөл Манастын жергесине куш келипсиздер. Атайын убакыт бөлүп, өкүлчүлүктү зыярат кылганыңыздар үчүн терең ыраазычылык. Сиздин «Улут наркы – эл баркы» аттуу агартуу кербениңиздин Таластан башталышы биз үчүн абдан жакшы жышаана. Мындан ары да элибиздин, өзгөчө жаштарыбыздын ыйманын бекемдөө, руханий маданиятын өркүндөтүү жаатында биргеликте иш алып барууга даярбыз», – деди Президенттин аймактагы өкүлү.
Жылуу кабыл алгандыгы үчүн КМДБ жетекчиси Абдулазиз кары Закиров Эрмат Джумаевичке алкыш айтып, буларга токтолду:
«Сиздер Талас облустук казыяты менен тыгыз кызматташып, жакындан көмөк көрсөтүп келесиздер. Сиздердин колдооңуздар менен Талас облусунда дээрлик бардык диний объектилер мамлекеттик эсептик каттоодон өтүп болду. Ошону менен биргеликте диний объектилердин жана имамдардын өздүк маалыматтарын санариптештирүүдө да Талас казыяты алдыга озуп чыкты», – деди өз сөзүндө.
Жолугушууда жакында курулушу баштала турган сыйымдуулугу 7 миң кишилик Талас облусунун Борбордук мечитинин долбоору Азирети Муфтийге тааныштырылды.
Айта кетсек, Азирети Муфтийдин «Улут наркы – эл баркы» аттуу агартуу кербени башталды. Диний агартуу кербендин алкагында КМДБ жетекчиси 7 дубан, 2 шаар тургундары менен жолугушууларды өткөрүп, ислам баалуулуктары жана улуттук дөөлөттөр, ханафилик-матуридилик, ынтымак-ырашкерлик, биримдик, аша чабуунун кесепеттери ж.б. боюнча баяндама жасамакчы.