Бүгүн, 13-ноябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган аалымдардан турган диний агартуу кербени Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында облус тургундары менен жолугушту. «Улут наркы – эл баркы» аттуу жолугушууда Азирети Муфтий диний баалуулуктар жана улуттук дөөлөттөр тууралуу баяндама жасады.
«Биз үчүн улуттук нарк да, диний нарк да баалуу. Анткени элдүүлүгүбүздө кош баалуулуктун орду зор. Мусулман кыргыз болгондон кийин динибизди да, улуттук баалуулуктарыбызды да чанбай, айкалыштыруубуз керек. Биз бир эл болгон соң, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, биримдикте өмүр сүрөлү. Анткени биримдик болсо тынчтык болот. Тынчтык болсо өнүгүү болот», – деп билдирди КМДБ жетекчиси.
КР Президентинин тиешелүү Жарлыктарын аткаруу алкагында уюштурулуп жаткан иш-чарада биримдикке үндөгөн видео ролик көрсөтүлүп, театралдашкан сахналык көрүнүштөр менен коштолду.
Жалал-Абадда өткөн КМДБнын «Улут наркы – эл баркы» аттуу көчмө иш-чарасына КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мээриясынан вице-мэр, КР ДИМК өкүлү, Ниматулла ажы Жээнбековдор катышып, сөз сүйлөштү.
Иш-чара соңунда облус аймагында көп жылдар бою динге жана улуттук наркка кызмат кылып келе жаткан диний ишмерлерге, кызматкерлерге, активисттерге КМДБнын Алкыш баракчасы тапшырылды.
Айта кетсек, Азирети Муфтийдин «Улут наркы – эл баркы» аттуу агартуу кербени башталып, жер-жерлерде жолугушуулар өтүп жатат. Диний агартуу кербендин алкагында КМДБ жетекчиси 7 дубан, 2 шаар тургундары менен жүздөшүп, ислам баалуулуктары жана улуттук дөөлөттөр, ханафилик-матуридилик, ынтымак-ырашкерлик, биримдиктин пазилеттерин айтып, бөлүнүп-жарылуунун, ысырапкорчулуктун жана аша чабуунун кесепеттери боюнча баяндама жасоодо.