Бүгүн, 14-ноябрда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында 2025-жылдагы ажылык сапарында кийүүчү кийимдерди (жилет) даярдоо боюнча ишкерлердин арасында конкурс өттү.
Сынакка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары жана Убактылуу республикалык штабдын төрагасы Жолдош ажы Абдылдаев, УРШнын мүчөлөрү жана ишкерлер катышты.
Конкурста УРШнын мүчөлөрү сынактын талабына ылайык, талапкерлер тарабынан сунушталган формалардын сапатына, кездемесинин курамына, коюлган нарктамага, ыңгайына, кийимдин тигилишине, дизайнына жана кийимдин өңү-түсүнө баа беришти.