Бүгүн, 17-ноябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына караштуу бир катар ДОЖдордун материалдык-техникалык базасы күчтөндүрүлдү. Анын алкагында өлкө аймагындагы 7 диний билим берүү мекемесине телевизор, компьютер, принтер, чаң соргуч, муздаткыч сыяктуу зарыл техникалык жабдыктар тапшырылды.
Техникалык жабдыктарды тапшыруу саамалыгында Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Муфтият тарабынан диний окуу жайларга көңүл буруу аракеттери көрүлүп жатканын, атайын комиссия быйылча 7 ДОЖду тандап алганын, кийинки окуу жылынан тарта ДОЖдорду өнүктүрүүгө дагы да көңүл буруларын айтып, окуу жайлар калайыкка салттуу исламдын таралышында зор салым кошорун кошумчалады.
Айта кетсек, АК кеңеши тарабынан 7 диний окуу жайы тандап алынып, диний билим берүүнү тереңдетүү жана материалдык-техникалык базасын күчтөндүрүү чечими кабыл алынган.