Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган облустагы райондук баш имам-хатибдер Алай районуна расмий иш сапары менен барышып, алгач Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Чыңгыз Бапаев менен жолугушуп, райондогу диний кырдаал боюнча сүйлөшүштү.
Андан соң Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган облустагы райондук баш имам-хатибдер жана райондун акими Чыңгыз Бапаев болуп, Ырайымберди Жаманкулов атындагы Алай райондук маданият үйүндө жергиликтүү эл менен жолугушуу уюштурулду.
Жергиликтүү эл менен болгон жолугушууда райондун акими Чыңгыз Бапаев райондогу диний кырдаал боюнча айтса, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкери Хамидулла Исмаилов Президенттин маркумду акыркы сапарга узатуудагы ыксыз чыгымдарга жол бербөө боюнча чыгарылган Жарлыгын аткаруу жөнүндө, ДИМК ТАБдын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы тууралуу айтты.
Ал эми Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев алгач жети райондун баш имам-хатибдерин элге тааныштырып, андан соң маркумду акыркы сапарга узатууда ыксыз чыгымдарга жол бербөө, той-аштардагы ысырапкорчулуктун алдын алуу, үй-бүлө баалуулуктарын сактоо жана бала тарбиясына жоопкерчиликтүү болуу жөнүндө баяндама жасады.
Айта кетсек, аталган жолугушуунун алкагында Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков жергиликтүү элге хатибияттын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип өттү.