Жалал-Абад олусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков казыяттын жыйындар залында баш имам хатиптерге жыйын өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Нематулла ажы Жээнбеков төмөнкүлөргө токтолду.
- Баардык район-шаарлардагы хатибияттарда аткарылып жаткан иштер, артыкчылыктар жана кемчиликтерди талкулоо менен 2024-жылдын 30-ноябрына чейин жылдык отчётторду фото жана видеолорду, ар кандай графикалык көрсөткүчтөрдүү пайдалануу аркылуу жылдык отчётко даядануу;
- Облус аймагындагы жалпы мечиттердин абалы, ДИМКнын эсептик каттосунан өтүүсү жана мечиттердин кышка карата даярдыгы.
- Мечиттердин жана имамдардын электрондук каттоосу.
- Облус аймагындагы бардык диний билим берүү мекемелери, аткарылып жаткан иштер, артыкчылыктар, кемчиликтер, сунуштар. ДОЖдордун кышка карата даярдыктары.
- Жалал-Абад облустук мусулмандарынын казыятына моралдык жардам сурап кайрылган жарандардын саны, район шаарлардагы хатибияттарда мечит-медреселерде, дин кызматкерлеринин арасында диний талаш-тартыш жараткан учурлар, көрүлгөн чаралар, кабыл алынган чечимдер жөнүндө иш-аракеттер.
- КМДБ, ДИМК жана казыят тарабынан чыгарылган буйрук, тапшырма, сунуш, өтүнүч каттарынын аткарылышы жана район-шаарлардагы хатибияттардын иш-кагаздарынын жөнгө салынышы.
- Ажылык иштерин каттоого алууда артыкчылыктар жана кемчиликтер.
Облус казысы жыйында баш имам-хатибдерге мындан ары автордук иш-чараларды активдүү уюштуруу керектигин баса белгилеп, КМДБдан жана казыят тараптан келген буйрук, каттарга көңүл бурууга жана ар дайым жоопкерчиликтүү болууга чакырды.