Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад облусутук мамлекеттик университетинин студенттерине радикализм, экстремизм, терроризм жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Семинарга Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков, ДИМКнын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев жана укук коргоо кызматкерлери катышты.
Иш-чарада ар кесип ээлери студенттерге зордук-зомбулуктун кесепеттери тууралуу баяндама жасашып, терс көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырып өтүштү.
Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков жаштарга акыл-насаат сөздөрүн айтып жатып, убакытты туура колдонуу жана кесипкөй болуунун жол-жобосу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.