Агартуу кербени: Ысык-Көлдө улуттук нарк боюнча Муфтияттын кезектеги иш-чарасы өттү

Ысык-Көл облусунда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын «Улут наркы – эл баркы» аттуу жаңы форматтагы иш-чарасы өткөрүлдү.
Өлкө аймагындагы 7 дубан, 2 калаада уюштурулуп жаткан Азирети Муфтий башында турган агартуу кербендин эл менен жолугушуу саамалыгы бул жолу Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында уюштурулуп, ага КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев жетектеген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБ кызматкерлери, диний аалымдар жана облус тургундары катышты.
Саамалыкта Президенттин аймактагы өкүлү улуттук нарк-насилдин зарылдыгын белгилеп, бул жаатта Муфтияттын алып барган иштерине жогорку баасын берди.
Андан соң сөзгө чыккан Азирети Муфтий ислам баалуулуктары менен улуттук дөөлөттөр тыгыз байланышканын, кош баалуулукту бири-бирине каршы коюу таптакыр негизсиз экенин, тескерисинче динди да, наркты бек сактап жашоо – нарктуу мусулмандын позициясы экенине токтолуп,
«Кайсы гана салтыбызды же үрп-адатыбызды карабайлы, түпкүрүнөн аят же хадисти табууга болот. Динибиз менен салтыбыз ушунчалык терең айкалышта болгондуктан, бири-биринен ажыратып кароо мүмкүн эмес. Мындай деңгээлге жетишүү ата-бабаларыбыздын акылмандыгынын жана кыраакылыгынын айкын далили», – деди Азирети Муфтий өз баяндамасында.
Ал өз сөзүндө салтты жамынып динге асылуу, динди жамынып салтка тил тийгизүү жосунсуз жорук экенин эскертип, дин карманууда салттуу ислам дүйнө таанымынын маанисине кеңири токтолду.
Ынтымакка үндөгөн видео ролик жана тарбиялык мааниси бар спектаклдер коюлган иш-чаранын жүрүшүндө облус аймагында көп жылдар бою исламга кызмат кылган дин кызматкерлерине КМДБнын Алкыш баракчасы жана Ыраазычылык каттары тапшырылды.