Сонун жаңылык: Ысык-Көл облустук казыятынын имаратынын ачылыш аземи өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында облустук казыяттын имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Аймактык диний мекеменин ачылышына КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров жетектеген КМДБнын эмгек жамааты, аймактык казылар, диний кызматкерлер жана оодан тургундары катышты.

Азирети Муфтий казыят имаратынын ачылышы менен облус тургундарын куттуктап, «Алла Тааланын колдоосу менен көл кылаасында алгачкы жолу казыят имараты курулуп жатат. Курулган имаратыңыздар ак жолтой болуп, облус калкына жогорку деңгээлде диний кызмат көрсөтүүгө өбөлгө түзсүн. Ушул жерден туура фатвалар чыгып, диндин туура багыты үзгүлтүксүз үйрөтүлө берсин. Алла Таала казыят имаратынын курулушуна салым кошкон бардык инсандарга ыраазы болуп, өзүнүн улуу сыйлыктары менен сыйласын», – деди Азирети Муфтий куттук сөзүндө.

Иш-чаранын жүрүшүндө казыят имаратынын ачылышына салым кошкон жергиликтүү демөөрчүлөргө КМДБнын Алкыш баракчалары тапшырылды.

Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаевдин айтымында, 2019-жылы башталган казыяттын курулушу КМДБнын жана ата мекендик сүрөөнчүлөрдүн колдоосу менен толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.