Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков “Ыйман кербени” аталышындагы саамалык баштап, анын алкагында имам-хатибдер менен биргеликте Таш-Көмүр шаарына барды.
Иш сапардын жүрүшүндө алгач Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри Талантбек Мырзабеков менен жолугушту. Андан соң баш имам-хатибдеринин катышуусунда жыйын болуп өтүп, анда Нематулла ажы Жээнбеков КР Президентинин 2022 жылдын 24-февралында чыккан №54 жарлыгынын негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Нематулла ажы Жээнбеков Таш-Көмүр шаарына жасаган иш сапарынын алкагында “Амир Хамза” институтун зыярат кылып, анын алкагында устаз жана устазалары менен жолугуп, окуу жайдын өнүгүшүнө багытталган бир катар тапшырмаларды берди.
Облус казысы жыйын соңунда “Амир Хамза” инстуттунун мүдүрү кызматына дайындалган Тынчтыкбек ажы Шайыковду жамаатка тааныштырды.