Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын кызматкерлерине 3D форматындагы пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в.) өмүр баяны тууралуу тасма көрсөтүлдү. КМДБ жетекчисинин колдоосу менен уюштурулган саамалыкта диний кызматкерлер алган таасирлери менен бөлүшүп, тасма жаратуучуларына ыраазычылык билдиришти.
«Учурда тасмабыз көрүүчүлөр тарабынан абдан жакшы кабыл алынууда. Биздин топ бир канча тилге, анын ичинде кыргыз тилине которуунун үстүндө иштеп жатабыз. Буюрса жакын арада кыргыз тилиндеги дубляжы даяр болот», – деди фильм жаратуучуларынан Дуйсенбин Жолдас Кенес улы.
Айта кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин КМДБны өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты көтөрүү жаатындагы 40 кадамдан турган стратегиялык иш планында диний агартуу жаатындагы онлайн сабактарды, видео тасмаларды, мультфильмдерди, графикалык дизайн жана 3 D фильмдерин тартуу камтылган. Буга ылайык, коомго салттуу ислам дүйнө таанымы визуалдык жактан да жеткирүү мерчемделген.