Муфтиятта «Кыргызстан мусулмандарынын диний иденттүүлүгү» аттуу тегерек үстөл өткөрүлдү

Бүгүн, 26-ноябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын конференция залында Муфтияттын алдындагы илимий изилдөө институту тарабынан «Кыргызстан мусулмандарынын диний иденттүүлүгү» аттуу тегерек үстөл уюштурулду.
Саамалыкка КР Президенттик Администрация өкүлү Замир Турсунбеков, КР ДИМК директору Азамат Юсупов, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров жетектеген КМДБ кызматкерлери, Аалымдар Кеңешинин төрага орун басары Абдиманап кары Масалиев баштаган АК мүчөлөрү, аталган институттун директору Шүкүр ажы Исмаилов жана адистери, дин аалымдары, диний ишмерлер, коомдук ишмерлер, окумуштуулар, социологдор, психологдор, тарыхчылар ж.б. катышты.
«Кыргызстанда диний жактан биримдикти камсыздоо, диндин илимий өңүтүн колго алуу, салттуу ислам болгон ханафилик-матуридиликти күчтөндүрүү, коомдогу диний кырдаалга мониторинг жүргүзүү, дегеле илимий изилдөө иштерин алып баруу багытында институт түптөө зарылдыгы бар болчу. Биз дал ушул багытта Муфтияттын алдында институт ачып олтурабыз. Алла Таала насип кылса, институтубуз илимий жактан телчигип, Кыргызстан мусулмандарына ат көтөргүс кызмат кылат деп ишенебиз», – деди Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров.
Кыргызстан мусулмандарынын диний иденттүүлүгүнүн негиздерин изилдөө жана аныктоо боюнча талкуу өткөрүү максатын көздөгөн иш-чарага катышкан КР Администрация эсперти жана КР ДИМК директору институттун ачылышы менен кызуу куттуктап, илимий аналитикалык мекеменин иштерине ийгиликтерди каалашты.
Саамалыкта Кыргызстандагы диний иденттүүлүк, ар түрдүүлүк, толеранттуулук жана этностук өзгөчөлүктөрдү жогорулатуу боюнча ойлор талкууланды. Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын диний иденттүүлүгү, анын тарыхый, социалдык жана руханий аспектилери тууралуу илимий-изилдөө жүргүзүү үчүн илимий тематикалар талкууланып, сунушталган темалар бир добуштан бекитилди.
Иш-чаранын соңунда 2024-жылдын 26-декабрында «Кыргызстан мусулмандарынын диний иденттүүлүгү жана анын негиздери» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүү чечими кабыл алынды.