Белек ажы Турдалиев: «Ар бир макал-лакап, накыл сөздөрдүн тарбиялык маанилери зор»

Бүгүн, 27-ноябрда Талас казыяты тарабынан Талас шаарынын мэриясы жана шаардык ички иштер бөлүмү менен биргеликте студентер жана окуучулар үчүн адеп ахлак, үй-бүлө баалуулуктары, каада-салт жаатында жолугушуу болуп өттү. Иш-чарада «Үкү ата» медресесинин мүдүрү Белек ажы Турдалиев адеп-ахлак, жан дүйнөнүн тазалыгы, мугалимдерге болгон сый-урмат, ысыраптын кесепеттери тууралуу баяндама жасады:

«Биздин ата-бабаларыбыз көп маанини бир сөзгө батырып туюнткан даанышман эл болгон. Мисалы: «Адам көркү – адеп» деген сыяктуу. Калк ичинде айтылып келген ар бир макал-лакап, накыл кептердин тарбиялык маанилери өтө зор», – деди.

Ал эми ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жогорудагы темаларга байланыштуу мыйзамдар боюнча маалымат беришти.

Казыяттан маалымдашынча, мындай жолугушуулар Талас шаарындагы бардык окуу жайларында өткөрүлмөкчү.