Бүгүн, 27-ноябрь күнү Араван райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлери жана райондук баш имам-хатибдер Араван районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушту.
Саамалык алдында Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Аида Рахманова менен жолугушуу өтүп, райондогу диний кырдаал талкууланды.
Жолугушууда ДИМК ТАБнын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жана КР президентинин тиешелүү Жарлыктары тууралуу маалымат берип өттү.
Иш-чара алкагында Араван районунун баш имам-хатиби Умарали ажы Муратов район тургундарына хатибияттын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматын берди.
Ал эми облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев ысырапкорчулукка жол бербөө, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, үй-бүлө баалуулуктарын сактоо, бала тарбиясы, ата-энени сыйлоо жана мугалимдерди урматтоо боюнча баяндама жасады.
«Бүгүн Араван районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушуу болуп, муну менен Ош облустук казыятынын райондордогу жергиликтүү тургундар менен жолугушуу иш-чарасы жыйынтыкталды. Айта кетсек, буга чейин Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн, Чоң-Алай, Алай жана Кара-Кулжа райондорунун тургундары менен жолугушуулар өткөрүлдү. Буйруса 2025-жылы райондун баш имам-хатибдери айыл өкмөттөрдү кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрөт деп пландап жатабыз», – деп билдирди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.
Жыйындын темасына кошумчалай, эмдөө боюнча тиешелүү адистер бир катар маалыматтарды айтып, элди кайдыгер болбоого чакырды.
Жыйындын соңунда суроо-жооп уюштурулуп, жергиликтүү тургундар кызыккан диний суроолоруна жооп алышты.