Жалал-Абад шаардык хатибияты 70 үй-бүлөгө жана үч медресеге акысыз көмүр таратты. Бул тууралуу шаардын баш имам хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев маалымдады.
“Жалал-Абад шаардык хатибияты кышка карата жардамга муктаж 70 үй-бүлөгө 40 тонна, мындан сырткары Сузак районундагы “Мухаммад Балту” кыздар окуу борборуна, “Бапан уулу Абдулла” атындагы Куран жаттоо окуу борборуна жана Жалал-Абад шаарындагы “Аксо” Куран жаттоо окуу борборуна 30 тонна көмүр берилди. Демилгебизди колдоого алып, жардамын аябаган жакшы инсандардан Аллахым ыраазы болсун. Демөөрчү агаларыбызга Жалал-Абад шаарынын мусулмандар хатибиятынын, жеке өзүмдүн жана жардам алган ар бир жарандын, илим жолунда билим алып жаткан карылардын, устаз жана устазалардын атынан ыраазычылыгымды билдирем”, – деди Турганбаев.