Бүгүн, 2-декабрь күнү Ош облусуна караштуу Араван районунун баш имам-хатиби Умарали ажы Муратовдун билдиришинче, аталган райондо жардамга муктаж болгон көп балалуу энеге хатибияттын демилгеси, эл-журттун колдоосу менен жер үй белекке берилди.
«Элибиздин берешендиги менен муктаж бир тууганыбыз үйлүү болуп жатат. Үйсүз калып, жардамга муктаж болгон энекебизге хатибият демилге көтөрдүк эле, кайдыгер эместигин билдирген элибиз жардам колун сунуп, жер үй белекке бердик. Ар бир салым кошкон пендеден Аллахым ыраазы болсун. Баарына ыраазычылык билдиребиз», – деди баш имам-хатиб Умарали ажы Муратов.
Айта кетсек, эне 55 жашта, 6 баласы бар. Күйөөсү кайтыш болуп калган. Эне үчүн жер үй сатып алынып, үйдү оңдоп-түзөө үчүн 2 млн. сомго жакын акча сарпталган.