Абдималик ажы Турсунбеков: «Жаратуучунун көрүп тургандыгын сезүү – адамды жамандык кылуудан сактайт»

Бүгүн, 2-декабрь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы «Мариям эне», «Жабир», «Муслима» кыздар медреселери, о. э. «Абдыжапар» атындагы ислам институтунун кыздар бөлүмүнүн мугалимдери жана студенттерине багытталган экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча лекция уюштурулду.

Аталган лекцияга ДИМК ТАБнын өкүлү Ильяз Маматкаримов, Ош облусунун казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков, теология факультетинин окутуучусу Өскөн Зууридинов жана укук коргоо органдарынан лекторлор чакырылды.

«Азыркы учурда видео байкоо камералардан коркуп, уруулук же башка бузукулук кылуудан корккондор бар. Эч ким сени көрбөгөн жерде да, Жаратуучу сени көрүп тургандыгын сезүү – адамды жамандык кылуудан кайтарат.  Бирөөгө зыян жеткирүүдөн алыс болобуз. Анткени Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Мусулман адам тили жана колу менен башкаларга зыян келтирбейт» деп айткан. Ушул хадиске таянып, иш жүзүнө аткарып жашай турган болсок, экстремизм жана терроризм деген түшүнүктөр болбойт», – деди облус казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков.

Иш-чарада такфиристтик көз караштар, акыйда маселелери, диндеги аша чабуулар, экстремизм жана терроризм боюнча маалымат берилди.