«Апиза эне» атындагы ислам институтунда экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү

 

Кечээ, 4-декабрь күнү «Апиза эне» атындагы ислам институтунда КМДБ жетекчисинин тапшырмасынын алкагында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жана экстремизм-терроризмди алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагынын бөлүм башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, институттун ректору Абдырашит ажы Батыров, институттун окутуучулары жана студенттер катышты.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Президентинин «үй-бүлөлүк салтанаттар жана маркумду узатуу» жөнүндөгү, «инсандын руханий жана дене тарбиясын өнүктүрүү» жөнүндөгү Жарлыктары боюнча маалыматтар берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы диний ишенимге байланыштуу беренелер боюнча катышуучуларга маалымат берилип, 2021-2026-жылдарга Кырыгыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы, Кыргыз Республикасынын укук бузуулары жөнүндөгү кодекси жеткиликтүү деңгээлде айтылды. Экстермизм жана терроризмди алдын алууда туура адабияттардан пайдалануу жана укуктук жактан сабаттуу болуу чоң мааниге ээ экени билдирилди.

ДИМК ТАБ башчысы студенттер менен  «Террористтик уюмдарды кантип тааныйбыз?» деген темада кенен баарлашып, аларды билүүнүн жолдорун, алардын кандай адамдарды торуна түшүрө тургандыгын, өз кызыкчылыктарына кызмат кылдыруу үчүн кандай ыкмаларды колдонуп, кандай этаптардан өткөрөрүн ачыктап, алардын жолу мамлекеттүүлүккө жана бейпилдикке коркунуч алып келерин баса белгиледи. Ошондой эле жаштардын радикалдашуусунун себептерине токтолуп, бардык катышуучуларды бул жаатта сак болууга чакырып, мындай абалда эмне кылуу керек экендигин да кенен түшүндүрүп берди.

Жыйында институттун ректору Абдирашит ажы Батыров сөз сүйлөп, келген конокторго жана жалпы катышуучуларга ыраазычылык билдирип, кандай гана абал болбосун, адашкан агымдардан алыс болуу исламдын негизги принциптеринен экенин белгиледи.

Ал ошондой эле ыйман-амал маселесине токтолуп, Матуриди акыйдасы боюнча түшүндүрүп, туура эмес ар кандай радикалдык, экстремисттик терс агымдардан алыс болууга чакырды.