Акыйда: Самаркандинин «Акаид ан-Насафийя» китебинин негизинде өтүп жаткан окутуу жыйынтыкталды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын диний билим берүү бөлүмү тарабынан ДОЖдордогу акыйда жана калам предметинин окутуу жүргүзүлүүдө. Чүй өрөөнүндөгү кыз-келиндер окуу жайларындагы акыйда устазаларына багытталган сабакты Муфтияттын фатва бөлүмү өттү.

Беш күндүк окутуу КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиевдин жыйынтыктоочу сабагы менен аяктады.

Сертификат тапшыруу аземине Азирети Муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаев катышып, акыйда илимин жакшы билүү мусулман эркектерге да, аялзатына да тиешелүү маселе экенин айтып, өз акыйдасын мыкты окуган адам эч качан салттуу эмес агымдарга азгырылбасын айтты.

Айта кетсек, буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин №1-токтомунун негизинде акыйда устаздарына Тахавия акыйдасынын Абу Хафс Сирожуддин аль-Газнавинин түшүндүрмөсүнүн негизинде окутуу өткөрүлгөн болчу.