Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Сауд Араб Падышалыгына жасаган жумушчу сапарынын алкагында ыйык Мекке шаарында жашап, окуп жүргөн кыргызстандык студенттер менен жолугушту. Жолугушууда Азирети Муфтий студенттерге өзүнүн акыл-насааттарын айтып, алардын окууларына ийгиликтерди каалады.
«Баарыңыздарга маалым болгондой, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалагы ала тоолук мусулмандарга салттуу ислам көз карашынын негизинде, тактап айтканда ханафилик-матуридилик мазхабы боюнча кызмат кылып келебиз. Анткени Мавераннахр чөлкөмүндө ушул мазхаб калыптанып, кылымдар бою биримдиктин, бир туугандыктын, достуктун, руханий өнүгүүнүн фактору болуп келүүдө. Биз ата-бабабыз карманган ушул жолду бекем кармансак, эл ичинде биримдик, тынчтык, ынтымак өкүм сүрөт. Башкача айтканда, эл ичинде экилик, диний бөлүнүп-жарылуу, түшүнбөстүк, фитна болбойт. Сиздер окуу учурунда төл акыйда, төл мазхабыбыз боюнча тереңдеп окуп, тандоо сабактарын ханафилик-матуридилик боюнча алгыла. Керек болсо салттуу ислам боюнча дисстертациялык эмгектерди жазгыла. Мына ушул элибизге кылынган зор кызмат болот», – деди өз сөзүндө.
Азирети Муфтий жолугушууда салттуу ислам боюнча кеңири токтолуп, студенттердин суроолоруна жооп берди.
Иш-чара соңунда меккелик суденттерге Азирети Муфтийдин сый тамагы уюштурулду.
Айта кетсек, студенттер менен жолугушуу иш-чарасына Азирети Муфтийдин орун басары Жолдош ажы Абдылдаев, КМДБнын башкы эсепчиси Толкун ажы Жуманов, ажылык-умра бөлүмүнүн адиси Дастан ажы Нукунов жана КМДБнын САПтагы өкүлү Абдували ажы Акматовдор катышты.