Ажылык – 2025: Муфтият САПтын «Аль-Роджихи» банкы менен кызматташат

2025-жылдагы ажылык зыяратын уюштурууда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Сауд Араб Падышалыгынын «аль-Роджихи» банкы менен кызматташмакчы. Муфтияттын алдындагы Ажылыкты уюштуруу штабы аты аталган банк менен кызматташууга кол койду. Бул тууралуу КМДБнын башкы эсепчиси Толкунбек ажы Жуманов жеринен билдирди.

Айта кетсек, учурда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдлазиз кары Закиров баштаган делегация 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу алкагында Саудия өлкөсүндө жумушчу иш сапары менен жүрөт.