Кош-Көл айылынын имамы Нурбек Асанбаевге айыл жаштары умра сапарына жолдомо беришти. Бул демилге анын көп жылдык эмгеги жана айылдыктарга кылган кызматы үчүн ыраазычылык катары уюштурулду.
Нурбек Асанбаев Кош-Көл айылынын тургундары арасында ислам дининин баалуулуктарын жайылтууда, жаштарга туура багыт берүүдө жана коомдун биримдигин бекемдөөдө чоң салым кошуп келет. Бул сый-урмат анын жамаат ичиндеги эмгегин баалоо катары ыйгарылды.
«Жамааттан Алла ыраазы болсун. Бул көп жылдык эмгектин үзүрү. Нурбек Асанбаевдин ишмердүүлүгү чоң үлгү болуп саналат», – деп белгиледи Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат Сейталиев.
Ал эми айыл тургундары имамга ыраазычылыктарын билдирип, анын дин жолундагы аракеттерине жогору баа беришти.
Хатибияттан билдиришинче, умра сапарына жолдомо берүү айыл жаштарынын ынтымагынын жана имамга болгон урмат-сыйдын белгиси болуп калды. Бул окуя Кош-Көл айылы үчүн өзгөчө мааниге ээ болуп, жаштар арасында динге кызыгууну жана ыйман жолуна умтулууну арттырган демилге катары белгиленди.