Ноокат хатибияты муктаж үй-бүлөгө үй салып берди

Ош облусуна караштуу Ноокат райондук хатибияты тарабынан муктаж үй-бүлөгө үй салып берилди. Бул тууралуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров билдирди

«Үйдү салып берүүгө кеткен каражат хатибияттын алдында ачылган «Кайрымдуу муун» кайрымдуулук фондунун ишмердиги, эл-журттун колдоосу аркылуу ишке ашты. Буйруса фонд аркылуу элибиздин берилген аманаттарын өз ээлерине жеткирүү жоопкерчилиги ийгиликтүү болуп жаткандыгы баарыбызды кубантып турат. Буга чейин аталган фонд аркылуу районубуздагы абалы эң начар деп табылган мечитти оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк эле, эми минтип бир үй-бүлөгө үй тапшыруу аземи болуп жатат. Ар бир иште колдоо көрсөтүп турган берешен элибизге терең ыраазычылык билдиребиз. Аллахым ыраазы болсун», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.

Айта кетсек, Ноокат райондук хатибиятынын алдында ачылган «Кайрымдуу муун» фонду жана кайрымдуу момун жарандардын жардамы менен үйдүн курулуш иштерин бүткөрүүгө 875 миң сом акча каражаты сарпталган.