Алайда 8 мектепте окуучулар үчүн лекциялар уюштурулду

Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков райондогу мектеп окуучулары менен жолугушуулар уюштурулуп, зордук-зомбулукка каршы күрөшүү, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, рэкетчилик, кылмыштуулукка жол бербөө жана адеп-ахлак темаларынын алкагында лекциялар өтүлгөнүн билдирди.

«Бүгүн имамдарыбыз мектеп окуучуларына адеп-ахлак темаларынын алкагында лекцияларды өтө баштады. Жаштарыбыз менен тыгыз байланышта болуп, кызыккан диний суроолоруна жооп берүү аркылуу аларды туура эмес диний агымдардын азгырыгынан сактап калуу керек. Диний маалыматтарды туура багытта үйрөнүүсү жана жүрүм-турум, адеп-ахлак, ошондой эле кылмуштуулук, уурулуктун терс жактары боюнча баяндама жасалды. Учурда 8 мектепте лекция уюштурулду. Буйруса дагы уланат», — деди баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков.

Айта кетсек, аталган лекцияларга РИИБнын кызматкерлери да катышып, мектеп окуучуларына тартипти сактоо боюнча өз баяндамаларын жасашты.