Бүгүн, 11-декабрь күнү борбор калаадагы башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Rahima Travel умра компаниясы менен биргеликте өлкө аймагындагы диний окуу жайларда 30 пара Куранды толук жаттап, ошол эле учурда социалдык жактан колдоого муктаж болгон 30 хафизге умра сапарына жолдомо ыйгарды. Саамалыкка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Мухаммад ажы Аноркулов баштаган дин кызматкерлери, Rahima Travel умра компаниясынын өкүлдөрү жана демөөрчүлөр катышты. Бул долбоор Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет өткөрүлүп, руханий мурас ээлерин колдоого, алардын эмгегин сыйлоого жана баалоого багытталды.
Иш-чаранын башкы максаты – Куран жаттоочу инсандарга терең урмат көрсөтүү менен алардын эмгегине таазим этүү. Бул демилге аркылуу Куранды жаттоо сыяктуу ыймандын символу болгон аракеттерге шыктандыруу жана улуттун руханий мурастарын сактоого көңүл буруу көздөлдү.
Мындан сырткары, бул саамалык коомдук тилектештикти бекемдеп, адамдарды бири-бирине боорукердик, кайрымдуулук жана колдоо сыяктуу асыл баалуулуктарга үндөөчү өзгөчө үлгү болуп саналат. Умра сапарына жөнөтүлгөн карылар гана эмес, бул жаңылык жалпы коомчулук үчүн да үмүттүн, ишенимдин жана ыймандын символуна айланып, руханий өнүгүүгө жаңы дем берет деп ишеним артууга негиз бар.