Кара-Суу районунда мектеп окуучуларына лекциялар уюштурула башталды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов райондук билим берүү бөлүмү менен макулдашуу аркылуу мектеп окуучулары менен жолугушууларды уюштуруп, адеп-ахлак темаларынын алкагында баяндамаларды жасоо башталгандыгын билдирди.

Алгачкы этапта Кара-Суу районундагы төмөнкү мектептерде лекциялар өтүлдү:

А. Саипов орто мектеби;
Э. Алыкулов орто мектеби;
Ч. Айтматов орто мектеби;
С. Алайчы уулу орто мектеби;
Н. Калмурзаев орто мектеби;
М. Жаманкулов орто мектеби;
А. Навои орто мектеби;

«Облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиевдин тапшырмасы менен жалпы райондордо мектеп окуучулары менен жолугушуулар жана лекциялар өтүлүп жатат. Биздин райондун имамдары да өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, лекцияларды уюштура баштады», – деди баш имам-хатиб Исак ажы Юнусов.

Айта кетсек, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн берген графиги боюнча мектеп окуучулары менен жолугушуулар 24-декабрга чейин уланат.