Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы музыкалык-драма театрында Баткен облустук казыятынын демилгеси менен уюштурулган ыйман кечесине ар кандай курактагы адамдар катышып, иш-чара өзгөчө кызыгуу менен өттү.
Кече тамак-аш жарманкеси менен башталып, ал жерге жергиликтүү тургундар ар кандай үйдө даярдалган тамак-аш, улуттук даамдарды алып чыгышты.
Куран окуу менен башталган иш-чаранын расмий бөлүгү тынчтык жана ыйман темасына байланыштуу болду.
Ыйман кечесинин жүрүшүндө Баткен облустук мусулмандарынын казыяты үгүт-насаат жана мечиттер менен иштөө адиси Махмуд ажы Курбанбаев иш-чара Азирети Муфтийдин буйруктарын аткаруу максатында – коомчулукту руханий жактан байытуу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана жаштарга туура багыт берүү үчүн Баткен казыяты тарабынан уюштурулгандыгын белгилеп өттү. Андан соң конок катары чакырылган Эрмек ажы Тынай уулу баяндарды айтты. Ал Пайгамбардын (с.а.в) жашоосунан мисалдарды келтирип, ошол үлгүлөрдү заманбап жашоого сиңирүү керектигин баса белгиледи. Баяндаманын негизги темалары:
Үй-бүлөдөгү аял менен эркектин ролу жана бири-бирине болгон мамилеси.
Жакшы кулк-мүнөз менен жашоонун коомго жана жеке турмушка пайдасы.
Жаштарга туура багыт берүү жана туура тандоо жасоонун маанилүүлүгү.
Иш-чара соңунда буга чейин уюштурулган салават айтуу сынагынын жыйынтыгы чыгарылып,1- орунду камсыз кылган катышуучуга умра сапарына жолдомо ыйгарылды.Ошондой эле башка катышуучулар үчүн белектер тапшырылды.