Ош шаарындагы «Бабур» драм театрынын жыйындар залында ИИМ тарабынан «Укуктук коом – өнүккөн өлкө» аталышында форум өтүп, ага Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев катышып, «Кылмыштуулуктун алдын алуу» деген темада баяндама жасады.
Аталган форумга КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Жантаев, Ош облусунун райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, ДИМК ТАБнын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, райондук баш имам-хатибдер, мектеп директорлору жана тийиштүү мекеме ишканалардын өкүлдөрү катышты.
Форумдун жүрүшүндө Ош ОИИБнин 2024-жылдагы аткарган иштери боюнча кыскача маалымат берилди.