Темир айылынын жаштарынын демөөрчүлүгү менен Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн жооптуу имамы Эрнис Медетов уюштурган кайрымдуулук иш-чарасында оорулуу беш баласы бар үй-бүлөгө жаңы төрт бөлмөлүү үй курулуп берилди. Үй жашоого керектүү эмеректер, кир жуучу машина жана башка бардык шарттары менен толук жабдылган.
Жаңы үйдүн ачылыш аземи чоң салтанат менен өтүп, дубалар окулду. Бул кайрымдуулук ишинин негизги пайда алуучулары оор турмушта жашаган Кудабаев Турсунбай аксакалдын үй-бүлөсү болду.
Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Сейталиев Максат ажы жаштардын бул берешен демилгесине ыраазычылыгын билдирип:
«Бул биздин райондо муктаждар үчүн курулуп берилген бешинчи үй болду. Оорулуу балдары бар үй-бүлөлөргө кол сунган жаштарыбызга Алла ыраазы болсун!» – деди.
Айыл жаштарынын демилгеси жергиликтүү коомчулукка ынтымактын, мээримдүүлүктүн жана жардамдашуу рухунун үлгүсү болуп, муктаждарга жардам берүүдө эң сонун мисал катары бааланды.