Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагындагы Искра айылынын Тагайберди борбордук мечитинин имамы Аманидин Мамировго айыл эли «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа белек кылышты.
Элдин мындай кадамы имамдын айыл эли үчүн кылган кызматына ыраазычылык билдирүү жана сый-урмат көрсөтүү максатында жасалган. Имам Мамиров 22 жылдан бери мечит жамаатын ыймандуулукка чакырып, дин кызматтын аркалап келет.
Бул саамалык жамааттын ынтымагын жана имамга болгон ишенимин дагы бир жолу көрсөттү. Жергиликтүү тургундар мындай демилге жалпы коомчулукка үлгү болорун белгилешүүдө деп билдиришти казыяттан.