Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБнын аппараты Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиевдин жылдык отчётун укту.
«Сулумбек ажы активдүү казыларыбыздын бири. Талас жергесинде көптөгөн кызматтарды аткарып келгенин билебиз. Өзгөчө матуридилик акыйдасы боюнча алгылыктуу иштерди жүргүзүп келет. Мечит имамдарына, ДОЖ студенттери жана окутуучуларына атайын семинарларды уюштуруп, лекцияга Муфтияттан жана Аалымдар Кеңешинен устаздарды чакырып, 2-3 жолу окутуудан өткөрдү. Ошондой эле жергиликтүү демөөрчүлөрдү тартып, чоң мечиттерди курууну баштады», – деп билдирди Азирети Муфтий.
КМДБ жетекчиси Талас казыятынын имамдар жана мечиттердин базасы боюнча алдыңкылардан болуп тапшырманы аткарганын белгилеп өттү.
Айта кетсек, аймактык казылар КМДБнын буйрук-тапшырмаларынын аткарууга алуу; казыяттардын жылдык иш-мерчемдери боюнча иштер; иш-мерчемден тышкаркы саамалыктар; диний объектилердин эсептик каттоосу; имамдардын жана мечиттердин базасы; ханафилик-матуридилик багытындагы иштер; фитир-садака; нике журналдары; КР Президентинин тиешелүү Жарлыктарынын аткарылышы; эстремизмдин алдын алуу; КМ АКтын токтомдорун ишке ашыруу; ысырапкорчулукка каршы күрөш; кайрымдуулук; үгүт-насаат иштери; ДОЖдор менен иш алып баруу жана мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча аткарылган иштер боюнча отчёттук маалымат берип жатышат.