Азирети Муфтий Ош облусунун казысынын отчётун укту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБнын эмгек жамааты Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиевдин жылдык отчётун укту.

Абибилла ажы Кадырбердиев 2024-жылдагы аймактык казыят тарабынан аткарылган иш-аракеттер боюнча отчёттук маалыматтарды айтып, КМДБнын жетекчилиги жана бөлүм башчыларынын суроолоруна жооп берди.

Айта кетсек, аймактык казылар КМДБнын буйрук-тапшырмаларынын аткарууга алуу; казыяттардын жылдык иш-мерчемдери боюнча иштер; иш-мерчемден тышкаркы саамалыктар; диний объектилердин эсептик каттоосу; имамдардын жана мечиттердин базасы; ханафилик-матуридилик багытындагы иштер; фитир-садака; нике журналдары; КР Президентинин тиешелүү Жарлыктарынын аткарылышы; эстремизмдин алдын алуу; КМ АКтын токтомдорун ишке ашыруу; ысырапкорчулукка каршы күрөш; кайрымдуулук; үгүт-насаат иштери; ДОЖдор менен иш алып баруу жана мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча аткарылган иштер боюнча отчёттук маалымат беришүүдө.