Чүй: Акыйда предметинин окутуучуларына багытталган семинар уланууда

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын диний билим берүү бөлүмү тарабынан диний окуу жайларындагы (ДОЖ) акыйда жана калам предметинин окутуучуларын беш күндүк окутуу орус тилинде жүргүзүлүп аяктады. Сабакты Муфтияттын Фатва бөлүмүнүн кызматкери Рафаил ажы Татиков өттү.

«Буга чейин ДОЖдордогу акыйда сабагы боюнча эркек жана аял мугалимдерге бир сыйра окуу өткөрүлгөн. Окутуунун бул айлампасында аял мугалимдерди орус тилинде окутууну өткөрдүк. Чүй өрөөнүндөгү кыз-келиндер окуу жайлардагы акыйда устазаларын окутуу улантылып жатат. Кудай буюрса, өлкөдөгү бардык ДОЖдордогу акыйда устазалары 5 күндүк семинардан өтүшөт. Окутуучулардын квалификациялык билимин жогорулатууга багытталган саамалыгыбыз Азирети Муфтийдин тапшырмасынын негизинде уюштурулууда», – деп билдирди Муфтияттын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Хамидулла ажы Садиллаев.

Айта кетсек, буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин №1-токтомунун негизинде акыйда устаздарына Тахавия акыйдасынын Абу Хафс Сирожуддин аль-Газнавийнин түшүндүрмөсүнүн негизинде окутуу өткөрүлгөн. Семинардын ушул айлампасында улуу матуриди аалымы Абу Хафс Умар бин Мухаммад ан-Насафий ас-Самаркандийнин «Акаид ан-Насафийя» китебинин негизинде окутуу жүргүзүлдү.