ТМУ: Фатва кеңешинин кезектеги онлайн отуруму өттү

ТМУга мүчө өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңешинин онлайн отуруму өттү. Бул боюнча ТМУдагы КМДБ өкүлү Акылбек ажы Калыбеков маалымдады.

«ТМУнун Муфтияттар кеңешинин алдында фатва кеңеши ачылган. Жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Азербайжан муфтияттарынан фатва боюнча адистер катышты. Бизден КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев экөөбүз катышып жатабыз. Отурумда шарияттык зарыл темалар талкууланды», – деп билдирди Акылбек ажы.

Айта кетсек, 2025-жылдан баштап Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы боордош муфтияттардын кызматташтык иш-чараларына үй ээлик кылат.