«Мурас» достук мелдеши: «Ыйман» командасы 3-орунду ээледи

Бүгүн, 15-декабрда өлкө башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан «Мурас» салттуу футболдук мелдеши жыйынтыкталды. 6-ирет өтүп жаткан достук турнирине жалпы 16 команда ат салышып, жыйынтыгында “Президенттин командасы” 1-орунду жеңип алды. 2-орунду «Достук» командасы ээлесе, 3-орунду КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынынын кызматкерлеринен турган «Ыйман» командасы ээледи.

Жыйынтыктоочу иш-чарада “Президенттин командасы” 400 миң сом, «Достук» 300 миң сом, «Ыйман» 200 миң сом менен сыйланса, 4-орун ээси “Жогорку Кеңеш” командасына 100 миң сом тапшырылды.

Ошондой эле «мыкты оюнчу» болуп Азимжан Кадыров («Достук»), «бомбардир» Садыр Жапаров («Президенттин командасы»), «мыкты дарбазачысы» Султан Осмонбеков («Ыйман») табылып, мыктыларга 50 миң сомдон акчалай сыйлык ыйгарылды.

Белгилей кетсек, футзал боюнча 2 күн бою кызуу өткөн мелдеште «Президенттин командасы», «Жогорку Кеңеш», «Көзөмөл», «Ыйман», «Аймактар, «Ден соолук», «Коопсуздук», «Фемида», «Спорт чеберлери», «Журналистер», «Өнөр», «Билим», «Достук», «Динамо», «Банктар жана бизнес» жана «Ноокат» командалары өз күчтөрүн сынашты.