Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев мектепте ата-энелер менен болгон чогушушта зордук-зомбулукка каршы күрөшү, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча өз баяндамасын жасады.
«Зордук-зомбулук же экстремизм жана терроризм деген түшүнүктөрдүн алдын алуу үчүн адеп-ахлак, Мекенди сүйүү сезимдерин күчөтүү керек. Жаштарыбыз адеп-ахлак жагынан ата-энесин сыйлаган, мугалимдерин урматтаган, айлана-чөйрөдөгү инсандар менен жылуу мамиледе болуусу жана Мекенди сүйүп, анын өнүгүүсүнө салым кошууга аракеттенген болсо, бузуку иштерден алыс болот. Көпчүлүк учурда бузукулук иштердин башаты бекерчилик, ишсиздик, уят-сыйдын жоктугунан башталары баарына маалым. Буйруса жакшы жүрүм-турум, адеп-ахлак менен окууну ийгиликтүү аяктап, эл-журттун керегине жараган инсандардан болгула», – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.
Аталган жолугушууга ИИМдин жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү кызматкерлери, мектеп жетекчилиги жана окуучулардын ата-энелери катышты.