Ысык-Көл облустук казыяты Муфтиятты зыярат кылды

 

Бүгүн, 17-декабрь күнү Самидин кары Атабаев баштаган Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казыятынын эмгек жамааты жана Ысык-Көл ооданындагы райондордун баш имам-хатибдери Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгын зыярат кылышты.

Аймактык казыяттын жамаатын жана баш имам-хатибдерин Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров жылуу кабыл алып, Муфтияттын ишмердүүлүгү жана алдыга коюлган пландары тууралуу учкай айтып берди.

«Учурда диний башкармалык тарабынан бир катар ири долбоорлор ишке ашырылды. Айта кетсек, жарандардын суроосуна жооп бере турган колл-борбор ишке берилип, күнүнө жарандардын жүздөгөн суроолоруна жооп берилип жатат. Ошондой эле муфтияттын алдында медиа студия ачып, диний агартуу ишин жогорку деңгээлге көтөрүү аракеттери көрүлүп жатат. Дагы жакшы жаңылыктар бар, ага учуру келгенде күбө болосуздар», – деген КМДБ жетекчиси казыяттын бул демилгесин колдоого аларын, мындай кербен саамалыгы өз кезегинде дин кызматкерлери ортосунда достукту, ынтымакты, бир туугандыкты жандантарын, өзгөчө расмий кызматкерлер арасында тажрыйба алмашуу болорун белгилеп өттү.

Ал эми облус казысы Самидин кары Атабаев кабыл алганы үчүн Азирети Муфтийге терең ыраазычылык билдирип, казыят жамаатын жана аймактык баш имам-хатибдерди тааныштырып өттү.

Азирети Муфтий кабыл алуунун соңунда дин кызматкерлерине Ыйык Куран китебин тапшырды.

Коноктор жолугушуудан соң КМДБнын имараты, муфтияттын бөлүмдөрү жана ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.