Бүгүн, 18-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы өлкө аймагындагы райондун баш имам-хатибдерине 20 кызматтык авто унаа тапшырды.
Бул иш-чара Дин башкармалыгынын борбордук кеңсесинде өтүп, ага КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, КМ АК төрагасы Замир кары Ракиев, Азирети Муфтийдин орун басарлары, БТК төрагасы катышты.
Иш-чаранын негизги максаты – райондордо дин кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү жана элге ыңгайлуу, сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыздоо болуп эсептелет. Кызматтык авто унаалар баш имам-хатибдердин жумуштук милдеттерин ыкчам жана натыйжалуу аткаруусуна өбөлгө түзөт.
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи өз сөзүндө авто унаалардын тапшырылышы дин кызматкерлеринин ишин жаңы деңгээлге көтөрөрүн баса белгилеп, бул кадам Кыргызстан мусулмандарынын коомдогу ролун бекемдөөгө чоң салым кошорун айтты.
Кызматтык унаалардын тапшырылышы – Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын 2024-жылга карата иш пландарынын алкагында ишке ашкан олуттуу кадамдардын бири. Дин башкармалыгы алдыда дагы ушул сыяктуу долбоорлор аркылуу диний кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууну уланта бермекчи.
Айта кетсек, бүгүн 18-декабрда райондук баш имам-хатибдерге 20 авто унаа тапшырылды. Жакынкы күндөрү дагы 20 авто унаа берилет.