Абибилла ажы Кадырбердиев Ысык-Көл казыятынын жамаатын кабыл алды

Бүгүн, 20-декабрь күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев Самидин кары Атабаев баштаган Ысык-Көл облусунун казыят кызматкерлери жана баш имам-хатибдерин кабыл алды.

Жолугушууда Абибилла ажы Кадырбердиев Самидин кары Атабаев Ош облусунда казылык кызматта турган учурдагы эмгектерин эскерип өттү.

«Ош облустук казыятынын имаратын курулушунда Самидин дамланын салымы зор экендиги баарыбызга маалым. Аллахым ыраазы болсун. Учурда биз да казылык кызматты аркалап, казыяттын ишмердүүлүгүн колдон келишинче алдыга сүрөп, бир канча жакшылыктарды пландап жатабыз», – деп билдирди Абибилла ажы Кадырбердиев.

Самидин кары Атабаев Ош облусуна жасаган иш сапары боюнча төмөнкүлөргө токтолду:

«Эки казыят арасында өз ара мамилелерди бекемдөө, адистердин тыгыз байланышта болуусун камсыздоо жана ишмердүүлүгү боюнча тажрыйба алмашууну максат кылып, келип олтурабыз. Ош облусуна жасаган иш сапарыбыздын негизи максаттарынын дагы бири Имам Сарахсий күмбөзүн зыярат кылып, Куран окуп дуба кылдык», – деди Самидин кары Атабаев.

Ошондой эле жолугушуунун алкагында Абибилла ажы Кадырбердиев конокторго Ош облустук казыятынын имаратын жана кызматкерлерин тааныштырып өттү.