Бишкек шаарынынын мусулмандарынын казыяты жыл жыйынтыгын чыгарып, жыл ичинде аткарылган иштерге сереп салды. Жыйынга Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматов, казынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев, 4 райондун баш имам-хатибдери, 125 мечиттин имамдары катышты.
Чогулушта Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы райондук баш имам-хатибдер менен мечит имамдарына кайрылып: «Быйыл башка казыяттарга караганда солгун иш алып бардыңыздар. Мындан ары жакшылап иштеп, казыят менен тыгыз байланышта болуп, ар бир иш-чара тууралуу видео-фото отчёт жөнөтүп туруңуздар», – деди.
Мындан башка спорттук иш-чараларга, кайрымдуулук иштерине көңүл буруу, медиа тармагы менен тыгыз байланышта иш алып баруу тууралуу маселелер каралды. Жыйында жылдык программалар ар бир райхатибге жана имамдарга таркатылып берилди.
Иш-чара аягында активдүү иш алып барган айрым имамдарга Алкыш баракчалары ыйгарылды. Ошондой эле кээ бир имамдарга талаптагыдай иш алып барбаганы учун эскертүүлөр берилди. Мындан ары, казыят менен тыгыз иш алып баруу тапшырмалары жүктөлдү.