Стамбул: Азирети Муфтий Ислам изилдөө борборун (ИСАМ) зыярат кылды

 

Бүгүн, 23-декабрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган кыргызстандык делегация Стамбулдагы айтылуу Ислам изилдөө борборун (ИСАМ) зыярат кылып, жетекчиси профессор Муртаза Бедир менен жолугушту. Жолугушууда исламий илимдер жана динге илимий алкактан да кароо маселеси талкууланды.

Зыяраттын жүрүшүндө Азирети Муфтий баштаган аалымдар Стамбулдагы «29-май университетинде» болушту.

Кыргызстан делегациясынын курамында КР ДИМКнын бөлүм башчысы Айбек Иминов, КМ АК мүчөсү Самаган ажы Мыразаибраимов, Азирети Муфтийдин орун басары, УРШ төрагасы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана Муфтияттын эл аралык мамилелер боюнча жооптуу адиси Белек Жапаракун уулу бар.

Айта кетсек, 2024-жылдын 22-декабрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азиретий Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Түркия мамлекетине расмий иш сапары менен жөнөп кеткен. Иш сапардын алкагында Стамбул жана Анкара шаарларында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, эки бир тууган өлкөнүн достук алакаларын бекемдөө, кызматташтыкты өркүндөтүү жана тажрыйба алмашуу боюнча маанилүү талкуулар өткөрүлөрү мерчемделген. Маанилүү жолугушууларга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов да катышмакчы.

Иш сапар Түркия менен Кыргызстан ортосундагы тарыхый достук мамилелерди бекемдөөгө, билим берүү, диний кызматташтыкты өркүндөтүүгө жана тажрыйба алмашууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Жолугушууларда эки өлкөнүн элдеринин достугун чыңдоого багытталган демилгелер талкууланып, келечектеги кызматташтыктын негизги багыттары аныкталат.

Ошондой эле 25-декабрь күнү Анкара шаарында КР ДИМК директору менен Азирети Муфтийдин Анкарадагы мекендештер менен жолугушуусу өтүшү мерчемделүүдө.