Каракол шаарында жол кыймылынын коопсуздугу боюнча жыйын өттү

2024-жылдын 23-декабрында Каракол шаарында ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо кызматы тарабынан «Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу көйгөйлөрү жана келечеги» аттуу жыйын өткөрүлдү.

Иш-чарага шаар тургундары, жол коопсуздугу боюнча адистер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев катышты. Самидин кары жыйында жол коопсуздугунун ислам дининдеги орду жана жоопкерчилик тууралуу баяндама жасап, жол эрежелерин сактоонун адам өмүрүн жана коомдук тынчтыкты коргоодогу мааниси чоң экенин түшүндүрдү.

Жыйында жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу учурдагы көйгөйлөр, алардын себептери жана чечүү жолдору кеңири талкууланды. Катышуучулар суроолорун берип, адистерден жана дин өкүлдөрүнөн жоопторду алышты.

Самидин кары өз сөзүндө жол кыймылынын эрежелерин сактоо – бул адамдын өзүнө жана башкаларга болгон урматы экенин баса белгилеп, бул темада түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды. Ал ошондой эле адамдардын жоопкерчиликтүү жүрүм-туруму жол кырсыктарынын алдын алууга чоң салым кошорун айтты.

Иш-чара жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана коомчулукту бул жаатта активдүү катышууга үндөө менен жыйынтыкталды.