Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында хатибияттын демилгеси менен эл арасындагы ыксыз чыгымдарды жоюу, эрте никеге туруунун алдын алуу, үй-бүлө жана жаштар арасындагы зордук-зомбулук ж.б.у.с. маселелер талкууланды. Жыйынга Базар-Коргон райондук мамлекетик администрация башчысынын орун басары Асел Сулайманова, Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби Бактыбек Тунгатаров, район аймагындагы жалпы имамдар, айыл башчылар жана активист аялдар катышты.
Жыйында КРнын Президентинин №54-жарлыгын ишке ашыруу, КМ АКтын №1,2,3,4 токтомдору боюнча райондун баш имам-хатиби Бактыбек Тунгатаров кеңири түшүндүрмө берди.
Мындан сырткары, эрте никеге туруу жана жашы жете электерге нике кыюнун кесепеттери жөнүндө Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан айтылды.
Жыйындын соңунда суроо-жоопко убакыт берилип, сунуш пикирлер жазылып алынды.